• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Өзбекстандын президенти ЕАЭБ жыйынына катышпайт

8 Бештин айы 2022 12:29 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышпайт. Бул тууралуу ТИМ кабарлады.

Маалыматка караганда, Мирзиёев Кыргызстанга декабрь айынын ичинде мамлекеттик сапар менен келет.

Эске салсак, Өзбекстандын президенти Кыргызстанга 10-декабрда мамлекеттик сапары менен келмек. Анын алкагында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес-форуму өтмөк. Бирок Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын мөөнөтү жылдырылды.

Количество просмотров: 75