• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Өзбекстандын президенти май айында Кыргызстанга келет

15 Чын куран 2022 15:51 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзияев май айынын аягында Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Өзбекстандын вице-премьер-министри Сардор Умурзаков менен жолушугуу учурунда белгилүү болду.

Жапаров жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү –эки өлкө ортосундагы кызматташуунун бардык багыттарын жаңы баскычка көтөрөт деген ишенимин билдирди. Президент Өзбекстан өлкөнүн маанилүү тышкы саясий жана стратегиялык өнөктөшү экенин тастыктады.

Өз кезегинде Сардор Умурзаков Садыр Жапаровго Бишкекке Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен келгенин, сапардын максаты Өзбекстан президентинин сапарына даярдык көрүү экенин айтты.

Өзбекстандык аткаминер Ташкент жакын коңшулук, өз ара ишеним жана стратегиялык өнөктөштүк алкагында өзбек-кыргыз мамилесин мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кызыктар экенин белгиледи.

Жапаров Ташкентке былтыр март айында барган. Анда Кыргызстан менен Өзбекстан кызматташуу боюнча 22 документке кол койгон.

Буга чейин Өзбекстан прездиенти Шавкат Мирзиёев 26-27-майда өтө турган Евразиялык экономикалык кеңеш жана Еварзиялык экономикалык форумдун алкагында Бишкекке келери кабарланган.

Количество просмотров: 157