• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Өзбекстандын президенти Италияга расмий сапар менен барат

8 Кулжа 2023 9:11 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Италиянын президенти Сержио Маттарелланын чакыруусу менен 7-9-июнь күндөрү бул өлкөгө расмий сапар менен барат.

Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, жогорку деңгээлдеги жолугушуулар Римде өтөт. Шавкат Мирзиёев Сержио Маттарелла жана премьер-министр Жорж Мелони менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Өзбекстандын президенти БУУнун баш кеңсеси Италиянын борборунда жайгашкан Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы директору Цюй Дунъюй менен да жолугушат. Анда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жаатында кызматташуунун маанилүү аспектилери талкууланат деп күтүлүүдө.

Сапардын бизнес программасы Миланда өтөт. Өзбекстандын президенти Ломбардия провинциясынын губернаторун кабыл алып, Италиянын алдыңкы компанияларынын жана уюмдарынын жетекчилери менен тегерек стол өткөрөт.

Количество просмотров: 47