• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өзбекстандын президенти Ташкентте 18 жыл «каттоосуз» жашаганын айтты

20 Тогуздун айы 2021 9:39 Бишкек Govori.TV

Экинчи мөөнөткө талапкерлигин коюп жаткан Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 19-октябрда Ташкенттин Алмазар районундагы студенттик шаарчада шайлоочулар менен жолугуп, баш калаадагы кыйын күндөрү жөнүндө айтып берди.

Мамлекет башчынын айтымында, ал Жизак облусунда төрөлгөнүнө карабастан, 18 жашынан бери Ташкентте жашап, окуп, бул шаардын тургундарынан тарбия алган.

«Батирде жашап, кыйын күндөрдү баштан кечиргем. Ошондуктан турак жай маселесине олуттуу мамиле кылам. Мен «жашаган жеримде катталбай» (прописка жок) 18 жыл жашагам. Көрсө бул маселени чечсе болот экен да!», — деди Мирзиёев.

Өткөн жумада Өзбекстандын парламенти «жашаган жеринде катталуу» деген түшүнүк «моралдык жактан эскиргени» айтылган мыйзам долбоорун талкуулаган. Былтыр Шавкат Мирзиёев Ташкент шаары жана облусунда катталуу системасын жөнөкөйлөштүргөн буйрукка кол койгон. Документте башкалаада катталуу үчүн айрым талаптарды алып салуу каралган.

Кошумчалай кетсек, Өзбекстанда президенттик шайлоо 24-октябрда өтөт.

Количество просмотров: 701