• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапаров Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

9 Жетинин айы 2023 9:03 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Ташкент шаарына болгон иш сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Өлкө лидерлери кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, атап айтканда, достук мамилелерин, стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы көп пландуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Тараптар эки өлкөнүн ортосунда биргелешкен ири инвестициялык, транспорттук жана энергетикалык долбоорлор ырааттуу ишке ашырылып, маданий-гуманитардык алмашуу активдешип жатканын, ошондой эле эки тараптуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча жемиштүү иштер уланып, мында өсүштүн оң динамикасы байкалганын канааттануу менен белгилешти.

Жолугушуунун аягында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров жана Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн боордош элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу өнөктөштүктүн бардык тармактарында достук жана ынак коңшулук өз ара аракеттенүүнү мындан ары ырааттуу өнүктүрүүнү макулдашты.

Количество просмотров: 52