• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өздөрү араң жашап жатса, алардан пара талап кылган кызматкер кармалды

23 Аяк оона 202412:48 Бишкек Govori.TV


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министригинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын кызматкери жарандардан системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Базар-Коргон районунун жашоочуларынан бир нече жолу арыз жана даттануулар келип түшкөндүктөн, алар текшерүүгө алынган. УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгындагы туруктуу акча чогултуу ишине бөгөт коюлду.

19-сентябрда аталган башкармалыктын жетектөөчү адиси М.О.З. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. М.О.З. социалдык жөлөк пулдарды, тактап айтканда, «үй-бүлөгө көмөк» төлөмдөрүн төлөө маселелерин тездетүү жана оң жагына чечүү үчүн аз камсыз болгон жарандардан пара талап кылган. Ошол учурда М.О.Знын мыйзамсыз аракеттери сот органдарынын уруксаты менен жашыруун видео камерага тартылган.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчилигинин аталган фактыларга тиешеси бар экендиги да текшерилет.

Учурда аталган фактылар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 199