• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Зеленский: Чык чыгып кет!

11 Теке 20190:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.07.2019. Govori.TV

Украинынан президенти Владимир Зеленский Борисполь шаардык кеңешинин катчысы Ярослав Годунканы жыйын учурунда залдан чыгып кетүүсүн талап кылды.

«Обозреватель» порталынын жазышынча, жыйында райондун борборлоштурулган ооруканасынын маселеси талкууланган. Зеленскийге Годунканын залда отуруп алып кыйкырганы жаккан эмес. Президент кимдир бирөө «көп кыйкырып» жатса, жардамчыларына ал тууралуу интернеттен маалымат табууну талап кыларын айтты. Жыйында ал интернеттен алынган маалыматты телефондон окуп берди.

Зеленский гезиттер Годунка тууралуу аны «Каракчы» деп жазганын айтып, андан «бул туурабы» деп суроо салды. Буга катчы эч нерсе деп жооп берген эмес. Президент аны залдан тезинен чыгып кетишин талап кылган. Годунка залдан чыгып баратып президенттин дарегине бир нече сөздөрдү айтууга жетишкен.

Буга чейин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде жаратылыш кырсыктары жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүн кеңешмесинде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмазбек Абдыкаровду кууп чыккан.

Количество просмотров: 13