• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Зеленский коронавирустан айыкты

23 Жетинин айы 202018:10 Бишкек Govori.TV

Украинанын президенти Владимир Зеленский COVID-19 илдетинен айыкты. Бул тууралуу “РИА Новости” жазды.

Маалыматка ылайык, Зеленский коронавируска каршы тест тапшырып, кадимкидей жумушуна кайтып келген.

«Мен позитивдүү маанайдамын, анткени тесттин жыйынтыгы терс. Мен Банковадамын (Украинанын президентинин кеңсеси жайгашкан көчө ), биз иштеп жатабыз”, – деп жазган Украинанын президенти Телеграм каналындагы баракчасына.

Эске салсак, 9-октябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский коронавируска чалдыкканы белгилүү болгон.

Количество просмотров: 90