Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын оккупациялык күчтөрү Чернобыль атомдук электр станциясынын алууга аракет жасап жатышканын билдирди. Бул тууралуу ал “Твиттердеги” баракчасына жазды.
Зеленский 1986-жылкы трагедия кайталанып кетпеши үчүн украин аскерлери жанын берип жатканын, эгер ал жерде кандайдыр бир кырсык орун алса, жалпы Европага кесепети тийерин эскертти.
Мунун алдында Украинанын ички иштер министринин орун басары Антон Геращенко кооптуу радиоактивдүү заттар көмүлгөн Чернобыль АЭСинин аймагына беларус аскерлери өтүүгө аракет кылып жатканын маалымдаган. Ал “эгер баскынчылар өзөктүк калдык сактоочу жайларды жардырып жиберсе, радиоактивдүү чаңдар Украинанын, Беларустун жана Европа Биримдигинин өлкөлөрүнүн аймагына тарайт” деп эскерткен.
Ага чейин Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный соңку кырдаал боюнча билдирүү таратып, Беларустун аймагынан украин жергесине төрт баллистикалык ракета атылганын кабарлады.
Булак: Азаттык.