Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия лидери Владимир Путинди сүйлөшүү үстөлүнө чакырды.
«Орусия Федерациясынын Президентине кайрылгым келет. Украинанын бардык жеринде салгылашуулар жүрүп жатат. Келгиле, адам өлүмүн токтотуу үчүн сүйлөшүү үстөлүнө отуралы», — деди ал.
21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялады, ошол эле күнү Федералдык кеңеш орус аскерлерин Донбасста колдонууга уруксат берди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын аракетин өз өлкөсүнүн суверенитетин бузуу катары баалады.