• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Зеленский: Украина жалгыз калды

25 Бирдин айы 2022 13:00 Бишкек Govori.TV

Украина жалгыз калды. Дүйнөлүк державалар кырдаалга алыстан көз салып турушат. Бул тууралуу Владимир Зеленский билдиргенин РИА Новости жазды.

«Бүгүн эртең менен кечээкидей эле мамлекетибизди жалгыз коргоп жатабыз. Дүйнөнүн эң кубаттуу күчтөрү алыстан карап турушат. Кечээки санкциялар Россияны токтоттубу? Бул жетишсиз экенин биз угуп, көрүп жатабыз», — деди Зеленский өзүнүн видео кайрылуусунда.

21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялады, ошол эле күнү Федералдык кеңеш орус аскерлерин Донбасста колдонууга уруксат берди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын аракетин өз өлкөсүнүн суверенитетин бузуу катары баалады.

Количество просмотров: 619