• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Зере аттуу ырчы, «Кыз» ыры менен кыргыз шоу бизнесине бурулуш жасады

15 Аяк оона 20180:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.09.2018. Govori.TV

Жаш ырчы Зере, «Кыз» аттуу ыры менен кыргыз шоу бизнесине бурулуш жасап, талкуу жаратууда. Ал ырдын клибин YouTube каналына 13-сентябрда жүктөгөн. Клиптин чыккандан тарта корүүчүлөрдүн саны көбөйүүдө.

Govori.TV мультимедиалык маалымат агенттиги ырчы менен баарлашып, ал тууралуу маалыматтарды билди. Зере 19 жашта. Бишкек шаарында төрөлүп өскөн. Чыгарманын мазмуну азыркы коомдо аялдардын теңдүүлүгүнө жана ээн эркин өзү каалагандай жүрүүгө укуктуу экенине үндөйт.

Мында аял затынын жашоосуна эч кимдин киришүүгө акысы жок экенин белгилеп, «Муну кийбе, аны кылба, Сен мага антип кыйкырба.» — деген жооп иретиндеги сөздөр менен ырдаган. «Бул чыгарма менен коомубуздун кыздар жөнүндө болгон стериотиптерди жок кылууга аракеттендим. Коомубузда ар кандай катмардагы аялдар бар, алар каалагандай болууга толугу менен укуктуу.

Көпчүлүк көздөгөн стандарттар бактылуу болуубуз үчүн тоскоолдук болбошу керек. «Хиджапчан кыздар жакшы, ачык кийингени жаман» деп, же болбосо «ачык кийиниш керек, оронбош керек» — сыяктуу сөздөр кыздарды бири-бирине атаандаштырып коомчулукка жагуу, тирешүү конкурсуна айланды.

Кыздар бири -бири менен тирешпей, биргеликте Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү глобалдуу маселелерди чечүүгө аракеттенишүүсү керек» — дейт ырчы.

Сере эч кандай продюсери жок өзү талпынып, аракеттенип жатканын айтты. Коомдун сын пикиринен корккон жоксуңбу? — деген сурообузга ал төмөнкүчө жооп берди. «Өзүмдү эбак эле сынга даярдап койгомун. Эгер, сынга даяр болбосом чыкпайт болчумун. Сын — бул талкуу. Коомдо талкуу болсо, демек аны өсүү деп түшүнсө болот.

Клибимди көрүп, көрөрмандар катуу талкуу жүргүзүшүүдө. Алардын арасынан позитивдүүлөрүн дагы, негативдүүлөрүн дагы учураттым. Эң негизгиси тема козголду алар талкулоого ала турган. Эми артка жол жок, мен өсүү үчүн аракетимди көрө берем» — деди ырчы кыз.

Ырдын автору өзү болгондуктан, биз ырдын текстти балким өз башынан өтсө керек деген ойго жетелендик. Бирок ырчы бул пикирди четке какты. «Мен өтө жакшы үй- бүлөөдө төрөлүп өстүм. Мени эч ким тыйган жок. Ошондой болсо дагы, коомчулуктагы дискриминация менен таанышмын» — деди.

Ырчыга негативдүү билдирүү жазгандар «Кайрат Кыргызга дагы бирөө кошулду» — деп жазып жатышат. Автор ачык кийинип ырдагандыктан аны сындагандар көп болуп,көпчүлүк сөз менен ур-тепкиге алууда.

 

Количество просмотров: 46