Бишкекте 25-марттан бери 28 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
«Жол кырсыгынан 39 адам жабыркаган. Анын ичинде 3 жаш өспүрүм бар», — деди Орозалиев.
Кошумчалай кетсек, Бишкекте 25-марттан 9-апрелге чейин 633 кылмыш жана жорук катталып, анын ичинен 563 кылмыш жана жоруктун бети ачылган.