Бүгүн, 1-майдан тарта айрым тармактардын ишмердүүлүгүнө уруксат берилип, таксилер да каттай баштады. Буга байланыштуу эртең менен Бишкектин айрым көчөлөрүндө узак кезекте турган унаалардын видеосу социалдык түйүндөрдө тарады.
Соцтармактын колдонуучулары жол тыгынын 1 жарым саатка чейин күтүүгө туура келип жатканын билдиришүүдө.
Буга чейин Өзгөчө абал учурунда жарандарга жеке унаасын айдап шаарга чыгууга болбой турганын буга чейинки жыйын учурунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирген эле.
Кошумчалай кетсек, Өзгөчө абал режими Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылган.