Республикалык штаб билдирет:
“2020-жылдын 22-мартынан баштап Кыргызстанга өзгөчө кырдаал режими киргизилет.
Өзгөчө кырдаал режими киргизилген учурда бардык супермаркеттер, азык-түлүк дүкөндөрү жана дарыканалар көнүмүш тартипте иштейт.
Кафе-ресторандар тамактарды алып чыгуу жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтөт.
“Өзгөчө кырдаал режиминде ар бир органда иш-чаралар планы бар, алар коронавирустук инфекциянын жугушун жана жайылышын минималдаштыруу максатында планда көрсөтүлгөн чараларды аткарууга даяр”, — К.Боронов.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн өлкө аймагындагы өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча кеңешме өткөргөн. Анда премьер-министр өкмөт өзгөчө кырдаалда ишке ашырыла турган планды аткарууга киришкенин билдирген.
“Планда борбор калаа жана аймактардагы блокпостторду жайгыштыруу боюнча маалымат, биринчи керектеле турган товар жана дары-дармектерди жеткирүүнүн маршруттары, өлкө ичиндеги авиакаттамдардын тартиби, коомдук транспорт, дүкөн жана аптекалардын иштөө графиги камтылат. Ар бир жетекчи өз тармагындагы иштин үзгүлтүксүз иштеши жана режимдин сакталышына жооптуу”, – деген премьер-министр.