• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өзгөчө кырдаалдар министри Кадамжайдагы ири жол кырсыгы катталган жерге барды

22 Бугу 2022 15:02 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 21 майда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кадамжай районунун Айдаркен шаарчасынын Чечме айылындагы ири жол кырсыгы катталган жерге барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Хово» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы (трал) үстүнө жүктөгүч жүктөп бара жатып, Чечме айылында жайгашкан «Чечме унаа жолу» өткөрүү бекетинде жол кырсыгына кабылган.

Унаанын ичиндеги куткаруучулар катуу жааган жаандан жабыркаган Кадамжай районунун Бөжөй айылына сел каналдарын жана габион торчолорун орнотууга бара жаткан.

Жол кырсыгынын кесепетинен 8 адам, анын ичинде ӨКМдин 2 кызматкери каза болду жана 7 адам жаракат алган.

Количество просмотров: 445