Социалдык тармактарда Өзгөн шаарында жасалгаланган балатынын сүрөтү кызуу талкуу жаратты.
Өзгөндөгү балаты боюнча Президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирүү таратып, быйыл Өзгөн шаарынын мэриясы тарабынан жаны жылдык балатыны жасалгалоого каражат бөлүнбөгөндүгүн кабарлады.
Ошондой эле соцтармакта тараган Өзгөн шаарындагы балаты боюнча Өзгөн шаардык мэриясынын тиешеси жок экендиги айтылды.