• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өзгөндө атылган эки киши. Шектүүлөрдүн бири кармалды

21 Жалган куран 2021 10:02 Бишкек Govori.TV

Өзгөн шаарында эки жарандын өлүмүнө шек саналып, издөөгө алынгандардын бири кармалды.

Маалыматка ылайык, 24 жаштагы Өзгөн районунда туулган Х. А. Жазык Кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-11-пунктунун негизинде («Киши өлтүрүүгө кошо катышуу») кармалып, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Эске салсак, 19-мартка караган түнү Өзгөн шаарында автоунаада бараткан кишилерге куралдуу кол салуу катталган. Анда айтылгандай, окуя шаардын Ленин көчөсүндө болгон. Жолдун четинде токтоп турган «Хонда Инспайер» үлгүсүндөгү машинеде отурган үч кишини таңга жуук, саат 03:15 чамасында белгисиз бирөөлөр атып кеткен.

Кол салуудан 31 жана 21 жаштагы эки жаран оор жараат алып, ооруканага бараткан учурда каза болгон. 31 жаштагы дагы бир жаран ооруканага кайрылган.

Количество просмотров: 248