• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өзгөндөгү асынып алган 8 жашар кыздын өлүмү териштирилүүдө

1 Бештин айы 2020 12:37 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 27-ноябрь күнү саат 15:25 чамасында Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагына караштуу Макаренко айылынын тургуну, К. А. аттуу 8 жашар кыздын асынып өлгөндүгү жөнүндө Өзгөн аймактык ооруканасынан Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнүн 102 номерине кабар берген. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

«Окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам тергөө тобу барган учурда төмөндөгүлөр аныкталган: 2020-жылдын 27-ноябрында саат 14:30 чамасында Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагына караштуу Макаренко айылынын тургуну, 8 жашар К. А. белгисиз себептерден улам үйүнүн короосундагы эки кабаттуу мал сарайдын чатырындагы торсунга пресс жип менен асынып өлгөндүгү белгилүү болгон.
Маркум Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагына караштуу Макаренко айылындагы мектепте 3-классында окуган. Өз классында сабакты жакшы окуган үлгулүү окуучулардын бири болгон. Окуя болгон күнү онлайн сабакка катышкан эмес. Ал күнү апасы мугалим болгондуктан балдары онлайн сабакка колдонуучу уюлдук телефонунун алып онлайн конференцияга катышканы мектепке кеткен.

Үйүндө 10 жаштагы эжеси жана 5 жаштагы иниси менен калган. Чоң атасы менен атасы жума намазда болушкан.

Маркум асынып алган сарайдын чатырына буга чейин 10 жаштагы эжеси малдарына чөп салганы чыгып-түшүп турган. Пресстелген чөптөн чечилип алынган жиптерди сарайдын бир бурчундагы мыкка топтоп илип коюшкан. К. А. асынган жип ошол жиптерден алынгандыгы такталган. Кошуналардын айтуусунда маркумдун үй-бүлөсү ошол аймактагы кадыр-барктуу үй-бүлөлөрлөрдөн болуп саналат.

К.Анын жанын кыюусуна телефон жана сыналгы аркылуу көргөн кинотасмалар таасир этип, түрткү бериши мүмкүн деген божомолдор айтылат. Себеби, маркум буга чейин өз жанын кыйган кинотасмаларды кызыгып кайталап көрө берчүү экендигин жакындары билдиришүүдө. Окуя болгон күнү ал кыз кинодогу өзүн-өзү аскан эпизодду туурап жатып жиптен чыга албай калган болушу мүмкүндүгүн айтышууда», — деп айтылат маалыматта.

Учурда Ош ОИИБдин жетекчилиги тарабынан атайын топ түзүлүп, алар тарабынан окуя боюнча хронометраж кылынып эмне себептен асынып алгандыгы тууралуу иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 12290