• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дагы бир өспүрүм өз жанын кыйды

5 Жалган куран 202511:03 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 1-мартта 16 жаштагы өспүрүм асынып каза болгону кабарланды. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка караганда, 1-март күнү саат 14:30 чамасында Кара-Көл шаардык милициясына шаардык ооруканага А.А. аттуу тургун шаардагы мал сарайында асынып каза болгону тууралуу кабар түшкөн.

Бул фактыны милиция териштирип жатат. Маркум 2009-жылы туулган А.А. экендиги такталган. Сөөккө сырттан кароо жүргүзүү учурунда денесинен жаракаттар аныкталган эмес. Өспүрүмдүн жакын туугандары арыз жазуудан жана соттук- медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышкан.

Каза болгон өспүрүм Кара-Көл шаарындагы мектептердин биринин 9-классынын окуучусу болгон.

Февраль айында эле тогуз окуучу ар кандай жагдайда каза болуп, алардын алтоонун өлүмүн милиция суицид деп атаса, үчөө курбуларынын зомбулугунан көз жумганы айтылган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылдын он айында 75 өспүрүм өз өмүрүн кыйганын маалымдаган.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 249