• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кара-Сууда 16 жаштагы кыз асынган абалда табылды

31 Жалган куран 202514:15 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл аймагында студент кыз асынган абалда табылды. Бул тууралуу Ош облустук милициянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 29-март күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Баш-Булак айыл аймагынын 2009-жылы туулган М.А. аттуу тургуну өзүн өзү асып каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Факты каттоого алынып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

«Окуя боюнча күбөлөр суралып, маркум М.А.нын жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, эч кандай жаракаттар байкалган эмес. Маркумдун ата-энеси жана жакын туугандары эч кимге арыз доосу жоктугун билдиришип, соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан. Маркум М.А Ош шаарындагы колледждин студенти болгон», — деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү уланууда.

Количество просмотров: 250