• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Өзгөндө мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

5 Аяк оона 2022 18:00 Бишкек Govori.TV

Өзгөн районунда мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 31-август күнү Өзгөн районунун аймагында малдарды уурдап жүргөн жарандар кармалган. Мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ төрт жарандан түзүлүп, анда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Өзгөн районун 40 жаштагы тургуну А.Д., ошондой эле жергиликтүү тургундар 35 жаштагы Р.К., 36 жаштагы Ж.Э., 31 жаштагы Б.уулу Э. болгон.

Бул факты Өзгөн РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-берененин негизинде (Уурдоо) кылмыш иши козголгон.

Бул кылмышка шектүүлөр төмөндөгү факты боюнча шектүү катары өтүп жатышат.

2022-жылдын 30-август күнү Өзгөн районунун Көлдүк айылынын тургуну 57 жаштагы Ж.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал жашаган үйүнөн 110 миң сомдук бир баш мал жандыгын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.

Кылмышка шектүүлөр мындан башка 7 уурулук фактыларына тиешеси бардыгы такталып, Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда мындан башка да кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендиги текшерилүүдө. Тергөө ууланууда.

Количество просмотров: 226