• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Өзгөндө чатырда жашап жаткандардан кабар алынды. Жеңил унаа толугу менен күйүп кетти

29 Жалган куран 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖЕР КӨЧКҮ БОЛГОН АЙЫЛДЫН ЖАШООЧУЛАРЫНЫН АБАЛЫ

Өзгөн районун К. Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесиндеги коопсуз аймакка көчүрүлгөн эл менен Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жана КР ӨКМ Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Шаматов Нуридин жолугушту. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

22-март күнү, саат 05:00 чамасында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн К.Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1млн м3 жер көчкү түшкөн.

ӨКМдин Өзгөн райондук бөлүмү тарабынан 18 чатыр ошол эле аймактын коопсуз тилкесине орнотулган.

ЖЕҢИЛ УНАА КҮЙҮП КЕТТИ

Ошто жеңил унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады. Маалыматка ылайык, 28-март күнү Кара-Суу районундагы Фуркат айылында унаадан өрт чыкканадыгы тууралуу мааалымат түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүү үчүн бир өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылган.

Кырсыктын кесепетинен жеңил унаа толугу менен күйгөн. Жыбаркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

ТОКТОГУЛДАГЫ СУУНУН КӨЛӨМҮ ӨСҮҮДӨ

Бүгүн, 29-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 906 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 266 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 155 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Количество просмотров: 96