• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өзгөндө мечитке баргандар бычакташты

28 Бирдин айы 201812:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек.28.02.2018.Govori.TV.
26-февралда Аср намазына келген 40 жана 64 жаштагы эки киши мушташа кеткен. 64 жаштагы жаран бычагын алып чыгып шилтеп жиберген. Бычакташкандардын бири мурда абакта камалып чыкканын билгилүү болду.
Окуя Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагынын Красный Маяк айылындагы мечитте болгон.
Милициянын баштапкы текшерүүлөрүнүн жыйынтыгында мечиттеги чатак «зекеттен чогулган акчаны жеп койгонсуң» деген дооматтан улам чыккан. Ош облусунун казысы  бул маалыматты четке какты.
Учурда бычакталган жаран Ош облустук ооруканасында дарыланууда. Кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.
Количество просмотров: 114