Ээнбаштыкка шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, милицияга К.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда19-июль күнү болжол менен 19:00 чамасында Ош облусунун Өзгөн шаарынан белгисиз адамдар анын уулун себепсиз сабашып, денесине жаракаттарды келтиргендиги жазылган.
Бул факты боюнча топтолгон материал КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
«Ушул жылдын 28-июль күнү жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун «Кара-Суу-Өзгөн» унаажолунан шектүүлөрдүн бири 1993-жылы туулган Т.О. кармалды. Ал мурда бир нече жолу соттолгон. Алынган маалыматтар боюнча жаран Т.О. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат»,-деп айтылат маалыматта.
Кармалган жаран Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.