• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өзгөндө жер алмашууга каршы мөөнөтсүз акция башталды

22 Чын куран 2021 18:18 Бишкек Govori.TV

«Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди Өзбекстан менен алмашууга каршы болгон Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын айрым тургундары 22-апрелде да нааразылык билдирип чыгышты. Алар бул күнү топтолгон жерине үч боз үй тигип, мөөнөтсүз акция башташты.

Кызыл-Октябрлыктар 21-апрель күнү да чогулушкан. Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуупротоколду жокко чыгарууну талап кылышууда.

Каршы болгондор «Кемпир-Абадга» байланыштуу чечим чукул чыкканын айтып, атайын кызматтын башчысынан жергиликтүү эл менен жолугушууга келишин өтүнүшүүдө. Алар ошондой эле суу сактагычтын айланасындагы жер тилкесине байланыштуу коңшу мамлекет менен болгон протокол жокко чыгарылышын талап кылып жатышат.

Булак: «Азаттык»

Количество просмотров: 79