• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Ж. Акаев: Жаңы-Алайда балдар малчылардын үйүндө окуйт

14 Жетинин айы 2018 11:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.11.2018. Govori.TV
Алай районуна караштуу Жаңы-Алай айылында окуучулар 1973-жылы курулган малчылардын үйүндө билим алат. Бул окуу жайдын курулушу бюджетке качан киргизилерине депутат Жанар Акаев кызыкты.
Эл өкүлүнүн айтымында, Ош шаарына жакын жайгашкан Жаңы-Алай айылындагы жалгыз мектеп – малчылардын үйү да авариялык абалда. Буга чейин экс-төрага Чыныбек Акунов баштаган депуттатар тобу объектти жеринен көрүп келген. Маселе боюнча парламенттик комитет да чечим чыгарып берген. Бирок жаңы окуу имаратынын катлаваны казылган боюнча курулуш кыймылдаган эмес.
Өкмөт өкүлү Жаңы-Алайдагы С.Ашимов атындагы мектебинин курулушу быйылкы бюджетке киргизилбегенин билдирди. Анткени 2018-жылы курулуш иштери 70%дан өтүп калган окуу жайларын бүтүрүү тапшырмасы болгон. А сөз болуп жаткан мектептин катлаваны эле казылган үчүн каржы ажыратылган эмес.
“Мектеп курулушу бюджетке кирбесе, Сауд Арабия курчу окуу жайлардын тизмесине киргенби?” – деп суроо салды Жанар Акаев.
Бирок Жаңы-Алайдын мектеби чет элдик инвесторлордун тизмесине да кирбегени маалым болду.
Алай районуна караган Жаңы-Алай айыл өкмөтү Ош шаарына жакын жайгашкан. С.Ашимов мектебинде 500дөй бала билим алат. 225 орундуу жаңы имарат куруу үчүн 45 млн сомдук долбоор бекитилген. 2015-жылы 3 млн сом ажыратылып, катлаван казылган бойдон курулуш токтогон.
Количество просмотров: 12