• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков жаңы рекорд койду

27 Тогуздун айы 202420:28 Бишкек Govori.TV

27-октябрда Түркестанда эл аралык жарым марафон өттү. Ага Кыргызстандан Нурсултан Кеңешбеков катышкан.

Нурсултан 21,1 чакырымды 1 саат 2 мүнөт 49 секундда чуркап өтүп, марафондо биринчи орунду ээлеген.

Спорт серепчилеринин айтымына караганда, бул жыйынтык Кыргызстандагы ушул аралыкта чуркоо боюнча жаңы рекорд болуп саналат. Буга чейинки рекордду 1994-жылы Виталий Никитин ишке ашырган. Ал жогорудагыдай аралыкты 1 саат 3 мүнөт 24 секундда Норвегияда чуркап өткөн.

Количество просмотров: 149