• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

14-июнда кечинде Түштүк магистраль жабылат. Себеби…

10 Кулжа 202514:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында 14-июнда саат 20:30дан баштап саат 23:30га чейин Түштүк магистраль түнкү чуркоого байланыштуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жайыл Баатыр көчөсүнүн (Түштүк магистраль) бир тарабында — Шералиев көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин (чыгыш багытында) унаалар үчүн кыймыл жабылат.

Жарыш жаш курагына жана даярдык деңгээлине карабастан бардыгы үчүн ачык. Ага 25 өлкөдөн 3 миңге жакын адам катышат.

Башталгыч жана финиш жерлери — «Газпром» балдар спорт жана эс алуу борбору.

Аралыктары 5 жана 10 километр.

Убактысы — 19:30дан баштап. саат 23:30га чейин.

Түнкү чуркоо улуттун ден соолугунун негизги факторлорунун бири катары массалык спортту жана дене тарбия көнүгүүлөрүн өнүктүрүү максатында өткөрүлүүдө.

Количество просмотров: 305