• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жүк ташуучу унаа күйүп кетти

3 Жетинин айы 202110:07 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунда жүк ташуучу унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2-ноябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 302-чакырымында, «Газель» үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

Өрт өчүрүү бөлүмү белгиленген аймакка саат 17:00 жетип, тилсиз жоону 17:50 толугу менен өчүрүшкөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 304