• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жүк ташуучу унаадан өрт чыгып, үч адам жабыркады

26 Баш оона 20229:37 Бишкек Govori.TV

Таласта жүк ташуучу унаадан өрт чыгып, үч адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Жоон-Дөбө айылында оор жүк ташуучу унаанын 10 дөңгөлөгү жана кабинасы күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 1986-жылы туулган М.Р., 1988-жылы туулган У.М., 1990-жылы туулган Т.Д. аттуу жарандар жеңил жаракат алып, тез жардам кызматына өткөрүп берилген.

Өрт электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан келип чыкан.

Теги:
Количество просмотров: 339