• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Автогаз үчүн кезек күткөн унаалардын тыгыны… (видео)

3 Бештин айы 202412:38 Бишкек Govori.TV

Күйүүчү майдын жана автогаздын баасы быйыл жыл башынан бери орто эсеп менен 3-4 сомго көтөрүлгөн.

Учурда Бишкектин айрым май куюучу жайларында автогаз үчүн келген унаалардын калың кезеги жаралды. Бул тууралуу окурмандар видеолор менен бөлүшүүдө.

Автогаз тартыштыгы болуп жатканын, мындан улам айдоочулар унааларын көчөгө эле таштап кетүүгө мажбур болуп жатышканы ЖК депутаттары тарабынан да айтылган болчу.

Ал эми «Кыргыз нефтетрейдерлер» ассоциациясы автогаз тартыштыгына Орусияда газ ташыган вагон-цистерналардын жетишсиздиги жана Кыргызстанда көгүлтүр от менен жүрүүчү автоунаалардын саны эселеп көбөйгөнү себеп экенин билдирген. Газ тартыштыгы жакынкы күндөрү жоюларын маалымдаган.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин маалыматына ылайык, күйүүчү майдын баасы көтөрүлгөнү Кыргызстанда автоунаалардын отунун саткан негизги беш компаниянын ичинен ШНОС («Бишкекпетролеум») жана «Альфа Ойл» («Redpetroleum») ишканасында байкалган. Ал эми автогаздын баасын «Партнер нефть» компаниясы көбүрөөк кымбаттаткан.

Количество просмотров: 130