Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардам берүү үчүн Кыргызстандан 150дөн ашык куткаруучу жөнөтүлгөн. Алардын бири 86123 аскердик бөлүгүндөгү бир кошуунду жетектеген 31 жаштагы Нурсултан Жаныбек уулу. Ал урандылардын алдынан кош бойлуу түрк келинин кантип куткарышканын баяндап берди. Govori.TV куткаруучулар менен бир күн өткөрүп, алардын түйшүктүү ишин чагылдырды. Толук материалды төмөндөн көрүңүз!