Бүгүн Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршында» кармалгандар бошотулду. Бул тууралуу «Азаттыкка» укук коргоочу Динара Ошурахунова билдирген.
Ошурахунованын айтымында, милиция марштын 50гө жакын катышуучусун автобуска салып кеткен.
«Айрым уюштуруучулар «милицияга баш берген жок» деген негизде кармалган экен. Кээ бирөөлөрүн жөн эле бошотушту, балким паспортундагы маалыматтарды жазып калса керек»,-деп билдирген укук коргоочу.
Буга чейин вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен байланышып, кармалгандарды бошотууну суранган болчу.