• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ж. Сатыбалдиев, экс-премьер: “Базардан келген депутаттар баарын өздөрүндөй ойлойт экен”

2 Бугу 2018 19:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 02.05. 2018. Govori. TV

“Парламентке келген депутаттардын көпчүлүгү бизнестен келген балдар. Алар иштерин ар кандай жолдор менен бүтүрүп көнгөн. Базардан келгендер баарын өзүндөй ойлой берет экен…” Бул сөздөрдү мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев super.kg интернет порталына маек берип жатканда парламенттеги депутаттык комиссиядагыларга карата айтты.

“1998-жылы экс-премьер-министр Апас Жумагуловдун учурунда эле ЖЭБди модернизациялоо боюнча маселе көтөрүлгөн. Аракеттер болсо 2001-жылы башталган. Бул иш баары бир болмок. Бирок менин учурума туура келди. ЖЭБди модернизациялоо боюнча Кудайдын алдында, өз абийирим алдында жооп бере алам. “Кайнене саймачы, болсо келинин да саймачы деп ойлойт” деген сөз бар. Парламентке келген депутаттардын көпчүлүгү бизнестен келген балдар. Алар иштерин ар кандай жолдор менен бүтүрүп көнгөн. Базардан келгендер баарын өзүндөй ойлой берет экен.  Өткөн-кеткен чиновниктерди күнөөлөй берген туура эмес. Мен мыйзам алдында жооп берүүгө даярмын”,-деген ал маегинде.

Эске сала кетсек, учурда депутаттык комиссиянын корутундусу чыгып, жалпы жыйынга сунушталганы турат. Анда ТЭЦке тиешеси бар бир катар чиновниктердин аттары аталаары күтүлүүдө.

Количество просмотров: 16