• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жүзүн толук жаап жүргөн 22 кыз-келинге айып пул салынды

25 Баш оона 202514:48 Бишкек Govori.TV

Ош облустук ички иштер башкармалагынын кызматкерлери апрель айынан бери рейд өткөрүп, коомдук жайларда никаб кийип, жүзүн толук жаап жүргөн 22 кыз-келинге Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда жүзүн толугу менен жашырууга тыюу салуу” беренеси менен 20 миң сомдон айып пул салды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдириди.

Андан тышкары 140 кыз-келинге эскертүү берилди.

Буга чейин Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалагы да жети аял кишиге 20 миң сомдон айып салган.

Количество просмотров: 165