• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто жүзүн толук жапкандарга эскертүүлөр берилди

25 Чын куран 202515:07 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 23-24-апрель күндөрү калаадагы коомдук жайларда никаб кийип, жүзүн толук жаап жүргөндөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантышты.

Бул ишке Ош шаардык милициясында кызмат өтөгөн аял кызматкерлери, УКМК Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын, президентке караштуу Дин иштери жана улут аралык мамилелер боюнча агенттиктин жана Ош шаардык казыяттын аял кызматкерлери тартылды.

Анын алкагында коомдук жайларда жүзүн толугу менен жаап жүргөн 300гө жакын адам аныкталып, мыйзамдын беренелери жазылган китепчелер таратылып, эскертүүлөр берилди.

Количество просмотров: 326