• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жүздөй унаа кагышкан жол кырсыгында 5 киши каза болуп, 36 адам жаракат алды (видео)

12 Бирдин айы 2021 12:10 Бишкек Govori.TV

АКШнын Техас штатында жүздөй автоунаа кагылышкан жол кырсыгында беш киши каза болуп, дагы 36 адам жаракат алды. Бул тууралуу Dallas Morning News маалымат булагына таянып РИА Новости жазды.

Полициянын маалыматына ылайык, кырсыктын чыгышына жолдун тайгагы себеп болгон.

​Аймактагы Тез жардам кызматынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Мэтт Завадскинин айтымында, бир канча адам оор абалда ооруканага жеткирилген. Дагы көптөгөн адамдар ар кандай жаракаттарды алышкан.

Кырсык катталган трасса эки тарабынан тең жабылганы белгилүү болду.

https://twitter.com/NorthTXWeather/status/1359865986900451330?ref_src=twsrc%5Etfw%7Ctwcamp%5Etweetembed%7Ctwterm%5E1359865986900451330%7Ctwgr%5E%7Ctwcon%5Es1_&ref_url=https%3A%2F%2Fsputnik.kg%2Fworld%2F20210212%2F1051428862%2Ftekhasta-zhuzdoy-unaa-kagylyshuu-zhol-kyrsygy-video.html
Количество просмотров: 1710