• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп качкан айдоочу кармалды

6 Үчтүн айы 2023 15:14 Бишкек Govori.TV

Кочкордо жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп качкан айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 5-январь күнү болжол менен саат 22:15 чамасында Кочкор районунун Кочкор-Арал авто жолунун 22-чакырымында белгисиз автоунаа белгисиз жаранды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Жол кырсыгынан болжол менен 35-40 жаштагы азият түспөлүндөгү жаран окуя болгон жерден көз жумган.

Бул факты боюнча ЖКККББнын издөө бөлүмү жана Нарын ОИИБ боюнча ЖККБнын кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары “Schmitz PR 24 (Howo)” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын 1995-жылы туулган Б.у.А. аттуу айдоочусун кармап, Тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн өткөрүп беришкен.

КР ИИМдин ЖКККББсы айдоочуларга кайрылып, жол унаа кырсыгына себепкер болуп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен айдоочуларга карата Кыргыз республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде жоопкерчилик каралгандыгын эскертип, андай учурда тезинен “102” кызматына кабарлоого чакырат.

Количество просмотров: 2232