• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

13 Тогуздун айы 2022 9:07 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 10-октябрда 02:00дө белгисиз айдоочу Кустанай көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып жөө өтмөктөн 40-45 жаштардагы эркек адамды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

«Кийин шектүү Mercedes-Benz Vito унаасынын айдоочусу В.М. кармалып, камакка алынды», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Бишкек ШИИББдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Количество просмотров: 445