• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жөө жүргүнчүнү сүзүп качкан айдоочу кармалды

20 Теке 2022 14:43 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 14-июлда саат 14:10 чамасында белгисиз айдоочу Жаш Гвардия бульвары менен Жибек-Жолу кең көчөсүнүн кесилишинен унааны артка айдап жатып, 1969-жылы туулган А.Н. аттуу аялды сүзүп, кийин ооруканага жеткирген. Андан кийин айдоочу из жашырган.

«Кылмышка шектүү катары Деу-Нексия үлгүсүндөгү автоунаанын 1970-жылы туулган Т.З. аттуу айдоочусу кармалып,Бишкек ШИИББинин Жол кырсыктарын тергөө боюнча тергөө кызматына өткөрүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 322