• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

29 Тогуздун айы 202416:59 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун жол тескөөчүлөрү жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен жаранды кармады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-октябрда болжол менен саат 3:30 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 387-чакырымындагы Кара-Көл шаарында белгисиз унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткени тууралуу кабарланган.

Натыйжада жөө жүргүнчү окуя болгон жерде көз жумган.

Бул факты боюнча ыкчам кармоо иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан Токтогул районунун «Чычкан» көзөмөл өткөрмө жайынан “Мерседес-Бенц 412” үлгүсүндөгү авто унаанын 2001-жылы туулган Ж.А. аттуу айдоочусу кармалды. Андан ары тийишүү чара көрүү үчүн кармалган жаран Тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилди.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 310