• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жөө жүргүнчүнү сүзүп, өзү качып кеткен айдоочу кармалды

2 Теке 2020 15:38 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда 30-июндан 1-июлга чейин кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочуларды табуу боюнча рейд жүргүзүлдү.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 30-июнда Орловкада болжол менен кечки саат он чамасында айдоочу унаасы менен жөө жүргүнчүнү сүзүп, өзү качып кеткен. Жабырлануучу ооруканага кайрылган. Ал эми шектүү 1-июлда табылып, Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.

Ошондой эле 24-апрелде Сокулук айылында «Тойота Камри» унаасын башкарып бара жаткан айдоочу дагы жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Ал жабыркаган адамды үйүнө жеткирип, материалдык жактан жардам берүүнү убада кылган. Бирок убадасын аткарган эмес. Буга байланыштуу жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган. Бул айдоочу дагы 1-июлда кармалып, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Количество просмотров: 27