• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Жаңы Ак үйгө алмашыла турган 16 гектар жердин болжолдуу дареги айтылды

19 Чын куран 2022 12:52 Бишкек Govori.TV

Жаңы Ак үйдү кура турган компанияга берилери айтылган 16 гектар жердин болжолдуу дареги белгилүү болду. Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча жаңыдан түзүлгөн дирекциянын жетекчиси Марат Турсунбековдун айтымында, жер шаардын түштүк тарабында жайгашкан.

Турсунбеков маалымат агенттиктердин бирине мурдагы «Ысык-Көл» мейманканасынын маңдайына дагы административдик имарат курула турганын билдирген.

«Менин билишимче, бул жер алтыга бөлүнүп кеткен. Мурдагы «Ысык-Көл» мейманканасынын маңдайында келечекте Министрлер кабинетинин административдик имараты курулат. Башкача айтканда, бардык министрликтерди ошол жакка көчүрүп, Казакстандагыдай бардыгы бир жерде болсун деп жатабыз. Бул шаарды бошотуу үчүн зарыл. Карагылачы, азыр машине айдаганга мүмкүн болбой калды, тыгын. Шаардан келген транспорттун дээрлик 30 пайызы ошол жакка барат. Президенттик аппаратта 5-6 миңдей адам иштейт. Баары ошол жакка көчөт. Бул жаманбы?» — деген Турсунбеков.

Белгилей кетсек, 18-апрелде Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын курулушун “TS Group” компаниясы жүргүзө турганын кабарланган.

Количество просмотров: 102