• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

«Жаңы Ак үйдүн ордуна мектеп, бала бакча курсун» дегендерге Жапаровдун жообу

25 Чын куран 2022 13:29 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине маек курду. Анда президент  16 гектар жерди каяктан алдыңар? Ал конкреттүү кимге берилет эми? деген суроого жооп берген.

«Жалпы өлкө боюнча биз кызматка келгенден бери 3106 гектар жер мамлекеттин эсебине кайтардык. Анын ичинен 2021-жылы 1124 гектар, ал эми ушул жылдын 4 айында эле 1982 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул – башкы прокуратуранын иши. Ал эми УКМК 146 гектарга жакын жер тилкесин кайтарды. Илгертен бери ушул мамлекеттин жерлери бекер эле таратылып кеткен экен. Болгондо дагы чириген байларга бекер берилген. Биз алардын баарын мамлекеттин менчигине кайтарып жатабыз. Анан алар кантип бизди жакшы көрсүн. Жалданма иликтегич журналисттерди жалдап алышып жамандатып, элдин пикирин башка нукка бургусу келип жатышат. Биз алдыга койгон максатыбыздан тайбайбыз. Жакшы иштерди жасап, алдыга жыла беребиз. Тарых жана келечек муун биздин ишибизге өз баасын берет. Бишкекте мурда бекер берилип кеткен көпчүлүк жерлерге кичи райондор салынып, сатылып кеткен экен. Албетте пайдасы менчик чөнтөктөргө кирип, сиңип кеткен. Ал эми курулуш курула элек жерлердин баарын мамлекеттин пайдасына кайтарып алып, ушундай пайдалуу иштерди жасап жатабыз. Ал жерлерге кичи райондорду куруп, Мамлекеттик ипотека компаниясы аркылуу 20-25 жылга элге беребиз. Мунун эмнеси жаман?»,-деп билдирген ал.

Жапаров Ак үйдү коюп, айыл, мектеп салышса болмок дегендерге төмөндөгүдөй жооп кайтарган.

«2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын 1-апрелине чейинки аралыкта республикалык бюджеттин эсебинен 159 социалдык объекттин курулушу бүттү. 68 мектеп, 16 бала бакча, 12 саламаттык сактоо объектиси, 4 маданият объектиси, 4 спорт объектиси, 23 таза суу объектилери, 11 башка объекти, 21 капиталдык оңдоп-түзөө объектиси курулуп бутту. Жогорудагы объектилерди курууга республикалык бюджеттин эсебинен 4 миллиард 929 млн сом акча каражаты каржыланган. Бул объектилерге каржыланган акча каражаттарынын жалпы суммасы 2 миллиард 887 млн сомду түзөт. Азыр дагы курулуштар жүрүп жатат. Башталып жаткандары дагы бар. Бишкек шаарынын жаңы конуштарына эле 15 мектеп, бир бала бакча салып жатабыз. Сентябрда ишке киргизебиз. Ушулар менен бирге ак үй да курула берсе жаманбы? Башка тармактардагы курулуштарга Ак үйдүн эч тоскоолу жок. Завод-фабрикалар дагы салынып жатат. Алар жөнүндө өкмөткө тапшырма берем. Жакынкы араларда кайсыл жерде кандай завод-фабрикалар салынып жаткандыгын толук видеоотчет менен беришет. Өлкө ичиндеги аэропортторду жандандырып жатабыз. Каракол, Нарын, Казарман, Талас аэропорттору ишке киришет. Кыскасы, ички аба каттамдарды жандантабыз. Жакында Каракол аэропортунун аэровокзалын жаңы курууга капсула салам. Былтыркы жылы “Манас” эропорту 4 миллиард 4 миллион сом таза киреше берди. Мурда эң көп таза киреше бергени 2019-жылы болгон экен. 1 миллиард 800 миллион сом бериптир. Биз ал жактагы коррупцияны жок кылдык эле, быйыл мына 4 миллиард киреше берип атат. Ушул эле акчалар менен аэропортторду оңдоо иштерин баштадык. Темир жолдогу коррупцияны жок кылдык эле, алар жарым жылда 2 миллиардга жакын киреше берип атат. Ошол эле өз акчалары менен Балыкчы-Кочкор темир жолун салып кетип бара жатышат. Эң негизгиси, башка бирөөлөр эмес, ата мекендик эле темир жол куруучуларыбыз куруп кетип бара жатышат. Мурда тендерден утту деген шылтоо менен чет өлкөлүктөргө берип, алардан 10 пайызын чөнтөккө алып жүрүшкөн. Мындан ары андайларга жол бербейбиз. Кыскасы, бардык тармактарда курулуштар жүрүп жатат»,-деп кошумчалаган Жапаров.

Количество просмотров: 16208