Бүгүн, 27-майда Бишкек шаарындагы №4 калкты тейлөө борборунда жаңы биометрикалык жалпы жарандык паспорттордун алгачкылары тапшырылды.
Жалпы жарандык паспортту алгачкылардан болуп алгандардын бири — шахматчы, Азиянын 3 жолку чемпиону жана эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү Айжан Съездбекова менен балдар арасындагы 2 жолку чемпион Эмир Шаршенбеков болду. Алар бул паспортун Москва шаарында өтүүчү эл аралык турнирге баруу үчүн пайдаланышат.
Паспорттун баасы — 885 сом.