• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жаңы депутаттар ант берди

28 Тогуздун айы 202011:03 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы депутаттар Чынара Урумкалиева менен Самат Исманов ант берип, кызматка киришти.

Урумкалиева КСДПнын депутаты Элвира Сурабалдиева кызматын тапшырып кеткенден кийин ордуна келди. Ал эми Самат Исманов «Республика — Ата-Журт» партиясынан депутат Курманкул Зулушевдин ордуна келди.

Белгилей кетсек, Зулушев 21-октябрда башкы прокурор болуп дайындалгандыктан, депутаттык мандатын тапшырган.

Количество просмотров: 83