• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жаңы депутаттар ишин эмнеден баштайт?

29 Бештин айы 2021 11:44 Бишкек Govori.TV


Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттардын ант берүү аземи өтүүдө. Ушул эле күнү төрага шайланат деп күтүлүүдө.
Парламентке келген депутаттар ишин эмнеден баштайт?

Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров
эл алдында берген убадасын аткара турганын айтты.

Адахан Мадумаров

«Буга чейин эмнени айтсак, ошонун баарын аткарабыз», — деди Мадумаров.

Биринчи жыйынга катышуу үчүн келген «Ыйман Нуру» партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков жакшы атка конгон парламент болсок деген ойюн айтты.

Нуржигит Кадырбеков

«Уурдабасак, уурдатпасак эле Кыргызстаныбыз өнүгөт», — деди Нуржигит Кадырбеков.

Парламенттик шайлоого Бишкектин №26 Ленин райондук округу боюнча катышып, депутат болуп шайланган Жаныбек Абиров шаар тургундарынын жашоосун жакшыртууга багытталган иштерди жасайт.

Жаныбек Абиров

«Алдыда жаңы мыйзамдардын үстүнөн иштейм»,-деди ал.

Ыйман Нуру» партиясынан Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутат болгон Султанбай Айжигитов Баткен облусун өнүгүү жолуна салууга аракет кыларын билдирди.

Султанбай Айжигитов

«Баткен облусун 5 жылдын ичинде өнүгүү жолуна салуу программасы бар. Аткаруу бийлиги менен ишке ашыруу ниетим бар»,-деди Айжигитов.

Жогорку Кеңештин «Ынтымак» партиясынын депутаты Гүлкан Молдобекова төмөндөгүлөргө токтолду.

Гүлкан Молдобекова

«Буга чейин жасап келген социалдык багыттагы иштерди улантам»,-деди ал.

Белгилей кетсек, парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды. Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралга кайра шайлоо дайындалды.

Количество просмотров: 286