Борбордогу жаңы курулган фонтандын курулмасынан суу жылжып агып жатат. Ал көрүнүш социалдык тармакка да тарап, айрым колдонуучулар сын-пикирин билдиришти.
Мэриянын басма сөз кызматы текшерүү системасы орнотулуп, ал дайыма көзөмөл алдында турат деп билдирди.
Эске салсак, Ала Тоо аянтында көгүлтүр от менен күйгөн фонтан жана бийлеген фонтан 21-сентябрдан баштап иштей баштаган.