ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик гимнди өзгөртүү маселесине байланышкан кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.
Жыйынга Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, ЖК Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев катышты.
Нурланбек Шакиев мамлекеттик гимнди өзгөртүү маселеси кеңири коомчулуктун катышуусунда өтүшү керектигин белгилеп: “Кыргызда “Кеңешип кескен бармак оорубайт” – деген жакшы кеп бар. Анын сыңарындай, аталган маселеге бардык жарандар катышып, текстин жана обонун сунуштоого эч кимге чектөө коюлбашы керек. Эл акыны же тажрыйбалуу композиторлор эле эмес, бардык чыгармачылыкка кызыккан жарандар өз вариантын сунуштай алгыдай мүмкүнчүлүк түзүлүшү зарыл. Алардын ичинен өлкөбүздү даңазалап, элибизди алдыга сүрөп, демине дем кошо турган мыкты гимнди атайын комиссия тандап, Жогорку Кеңешке киргизиши шарт”, – деди төрага.
Төрага кийинки жумада тиешелүү комиссиялар түзүлүп, эң кеч дегенде келе жаткан жылдын апрель айына чейин жаңы гимн кабыл алынышы керектигин белгиледи. Тагыраагы, аталган убакытка чейин кеңири талкуулар уюштурулуп, сынактар өткөрүлүп бүтүшү зарыл деди.